Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамалдинов: бала бакчаларда кыргыз тилине жакшы көңүл бурулбай жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жамалдинов Зиядин Исламович
Депутат Жамалдинов Зиядин Исламович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов жеке бала бакчалардын санын көбөйтүү керектигин билдирди.
Жамалдинов: бала бакчаларда кыргыз тилине жакшы көңүл бурулбай жатат

Бала бакчаларда кыргыз тилине тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат. Мамлекеттик болобу, жеке менчик болобу кыргыз тилинде окутуп, башка тилдерди кошумча үйрөтүүнү талап кылуу керек. Мындай пикирин Зиядин Жамалдинов Sputnik Кыргызстан радиосуна бала бакчалардын учурдагы абалы тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө бала бакчалардын жетишсиздиги курч маселе бойдон калууда.

"Кезек күткөн балдардын саны көп. Мамлекет алардын баарын кыска убакытта бала бакча менен камсыздай албайт. Андыктан жеке менчик бала бакчаларды көбөйтүү керек, бирок алардын окуу программалары кыргыз тилинде жүргүзүлүүсү зарыл. Азыр бизде наристелерге бакчада кыргыз тилин үйрөтүүгө жакшы көңүл бурулбай жатат", — деди Жамалдинов.

Ал ошондой эле балдар тарбияланган жайлардын тамак-аш коопсуздугуна да олуттуу көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0