Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эстебесова: астма жана аллергия менен ооругандар көбөйүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовДарыгер Бермет Эстебесова
Дарыгер Бермет Эстебесова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер Бермет Эстебесова Кыргызстанда астма жана аллергия илдетине чалдыккан 200 миңге жакын оорулуу бар экенин айтты.
Эстебесова: астма жана аллергия менен ооругандар көбөйүүдө

Астма жана аллергия менен ооругандардын саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу Бермет Эстебесова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган оору менен ооруп, бирок каттоого турбагандар да бар.

"Дүйнө жүзүндөгүдөй эле Кыргызстанда да астма жана аллергия менен ооругандар көбөйүүдө. Бул нерсе экологиялык абалга байланыштуу. Андан сырткары, күнүмдүк жашоодо колдонуп жаткан химиялык заттар, тамак-ашка кошулган кошулмалардын эсебинен аталган дарт күчөп баратат", — деди дарыгер.

Ал дүйнө жүзү боюнча астма жана аллергия менен ооруган 235 миллион адам бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0