Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чалмашбеков: жарым финалда командалык оюн көргөзө албай калдык

© Sputnik / Табылды КадырбековНападающий национальной сборной по волейболу Талгат Чалмашбеков
Нападающий национальной сборной по волейболу Талгат Чалмашбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Волейбол федерациясынын мүчөсү, курама команданын чабуулчусу Талгат Чалмашбеков оюндун жүрүшүндө балдар жакшы ачыла албай койгондугун айтты.
Чалмашбеков: жарым финалда командалык оюн көргөзө албай калдык

Жарым финалда командалык оюн көргөзө албай калдык. Бул тууралуу Талгат Чалмашбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы үчүнчү жолу өткөн Азиянын аймактык чемпионатында коло медаль тагынды.

"Бангладеште турнир жакшы деңгээлде уюштурулуптур. Былтыр алтын алып келдик эле, бул ирет коло болуп калды. Түркмөндөр менен ойногондо чабуул жана блок коюу аксап, жеңилип калдык. Ал эми жарым финалда Бангладеш менен ойноп жатканда команда чогула албай калдык окшойт. Ошентип алардан утулуп калдык", — деди Чалмашев.

Ал аталган турнирден кийин керектүү корутундулар чыгарыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0