Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбеков: күздө үй-бүлөм менен Америкага кетем

© SputnikWEF уюмунун оор салмактагы чемпиону Тилек Жээнбеков
WEF уюмунун оор салмактагы чемпиону Тилек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
WEF уюмунун оор салмактагы чемпиону Тилек Жээнбеков максаты UFC уюмунда Орто Азиядагы эркектерден биринчи болуп күч сынашуу экенин айтты.
Жээнбеков: күздө үй-бүлөм менен Америкага кетем

Күздө үй-бүлөм менен Америкага кетем. Бул тууралуу Тилек Жээнбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ага Кыргызстандагы Америка элчилиги виза берген.

"Кудай буюруп, Green card лотереясын үй-бүлөм менен утуп алдык. Элчилик визабызды колубузга карматты. Күзүндө Америкадагы UFC уюмуна барып, Орто Азиядагы эркектерден биринчи болуп күч сынашсам деген максатым бар", — деди мушкер.

Ал UFC уюмунда насаатчыларынын колдоосу менен ат салыша ала тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0