Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Откеев: "Карек" кино лагери келечектеги киночуларга жакшы мүмкүнчүлүк

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү режиссёр Сүйүн Откеев. Архив
Белгилүү режиссёр Сүйүн Откеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү режиссёр Сүйүн Откеев аталган лагерде балдарга сабак өтөөрүн айтты.
Откеев: "Карек" кино лагери келечектеги киночуларга жакшы мүмкүнчүлүк

"Карек" кино лагери келечектеги киночуларга жакшы мүмкүнчүлүк. Бул тууралуу Сүйүн Откеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, лагерге 11-16 жаштагы өспүрүмдөр катыша алат.

"Балдар лагерин уюштуруу демилгесин угаарым менен аябай кубандым. Болгондо да кино лагер болоорун угуп сүйүндүм. Анткени келечектеги киночуларга бул лагер абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Мен буюрса лагерде балдарга кино тартуу боюнча үйрөтүп, ошол эле учурда балдардан жаңы нерселерди үйрөнүп турам", — деди Откеев.

Эскерте кетсек, "Карек" жайкы кино лагери Жети-Өгүз районундагы Алмалуу этно айылында 1-10-июль күндөрү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0