Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шейшенов: маданият министрлери тез алмашкандыктан натыйжа болбой жатат

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Учур" театрынын директору жана көркөм жетекчиси Шаршенбек Шейшенов. Архив
Учур театрынын директору жана көркөм жетекчиси Шаршенбек Шейшенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Учур" театрынын директору жана көркөм жетекчиси Шаршенбек Шейшенов театрга жакшы көңүл бурулбай жатканын айтты.
Шейшенов: маданият министрлери тез алмашкандыктан натыйжа болбой жатат

Маданият министрлери бат-баттан алмашкандыктан натыйжа болбой жатат. Бул тууралуу Шаршенбек Шейшенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчылары маданиятка жакшылап көңүл бурбай, акыркы орунга коюп келет.

"Үнүбүз чоңдорго эч жетпей койду. Бизге 2010-жылы эки жолу өрттөнгөн мурунку "Чатыр-Көл" кинотеатрын бөлүп берген. Бирок андан бери бир дагы ремонт боло элек. Канча жолу айтсак да угулбай жатат. Түгөлбай Казаков министр болуп келгенде аябай кубандык эле, бирок аны да бат эле кетирип салды. Негизи эле биздин министрлерибизди бат алмаштыргандыктан натыйжа болбой жатат", — деди Шейшенов.

Ал "Учур" театрынын актерлору 5-6 миң сом гана айлык аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0