Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саматов: жылдан жылга суу таңкыстыгы байкалууда

© Фото / Азат АкаевАйыл чарба инженери, эл аралык кеңешчи Манас Саматов. Архив
Айыл чарба инженери, эл аралык кеңешчи Манас Саматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба инженери, эл аралык кеңешчи Манас Саматов тамчылатып сугаруу менен тоо кыркаларындагы 1 млн. гектар жерди өздөштүрсө болоорун айтты
Саматов: жылдан жылга суу таңсыктыгы байкалууда

Жылдан-жылга суу таңсыктыгы байкалууда. Андыктан тамчылатып сугарууга өтүү менен сууну туура бөлүштүрө алабыз. Мындай пикирин Манас Саматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Маек Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында тамчылатып сугаруу технологиясы тууралуу жүргөн.

Анын айтымында, ар бир үй-бүлөнүн киреше булагы жер иштетүү болуп калышы керек.

"Тамчылатып сугарууга өтүүдө албетте, каражат талап кылынат, бирок биз ошол жабдууларды сатып алууда анын баасын кымбат, арзан деп карабашыбыз керек. Алынган техника канча убакта өзүн актайт ошого көңүл буруу зарыл. Бул жерде коркуп, кылчактай турган эч нерсе жок. Бардык өсүмдүктү тамчылатп сугарса болот", — деди Саматов.

Ал ирригациянын мындай ыкмасын колдонуп, өзгөчө мөмөлүү бактарды огородго тигип деле жакшы киреше тапса болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0