Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мавлянова: мектеп окуучуларын бирдиктүү формага өткөрүү керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова. Архив
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова учурда ар бир мектептин өз алдынча формасы бар экендигин айтты.
Мавлянова: мектеп окуучуларын бирдиктүү формага өткөрүү керек

Мектептерге бирдиктүү форма киргизүү зарыл экендигин депутат Махабат Мавлянова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бирдиктүү формага өтүү үчүн саясий эрк керек.

"Эгерде мектептерде бирдиктүү форма болсо социалдык ажырымды жоет эле. Азыр ар бир мектептин окуучулары өз алдынча форма кийишет. Негизи республика боюнча бирдиктүү кийимге өтсөк, жакшы болот эле. Ал сапаттуу болсо ден соолукка да пайдалуу", — деди Мавлянова.

Эл өкүлү аталган маселе боюнча иштеп жаткандыктарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0