Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамгырчиева: кыздардын четке чыгуусун чектеген токтом алигүнчө иштебей келет

© Sputnik / Табылды КадырбековАкыйкатчынын орун басары, экс-депутат Гүлнара Жамгырчиева
Акыйкатчынын орун басары, экс-депутат Гүлнара Жамгырчиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыйкатчынын орун басары, экс-депутат Гүлнара Жамгырчиева аталган токтом мындан беш жыл мурун кабыл алынгандыгын айтты.
Жамгырчиева: кыздардын четке чыгуусун чектеген токтом алигүнчө иштебей келет

Кыздардын четке чыгуусун чектеген токтом алигүнчө иштебей келет. Бул тууралуу Гүлнара Жамгырчиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске салсак, демилгечи топ 26 жашка толо элек кыздардын чет өлкөгө мигрант болуп чыгуусуна тыюу салууну сунуштап жатат.

"2013-жылы 12-июнда 5-чакырылыштын депутаттары атайын токтом кабыл алганбыз. Ага ылайык, 22 жашка чыга элек кыздардын иштөө максатында четке чыгуусуна тыюу салынат. Анткен менен чектөө бүгүнкү күнгө чейин иштебей келет. Анткени жумушсуздук маселеси курч болуп турат. Мындан сырткары, эч кимге айтпай өлкөдөн чыгып кеткен кыздарыбыз да арбын", — деди Жамгырчиева.

Ал 26 жашка толо элек кыздардын чет өлкөгө мигрант болуп чыгуусуна тыюу салуу туура эмес деген пикирде.

Жаңылыктар түрмөгү
0