Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турганбаева: чет элдик туристтер ат минүүгө көбүрөөк кызыгууда

© Sputnik / Табылды КадырбековИсполнительный директор этно-комплека "Супара Чункурчак" Назгул Турганбаева
Исполнительный директор этно-комплека Супара Чункурчак Назгул Турганбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Супара Чуңкурчак" этно-комплексинин аткаруучу директору Назгүл Турганбаева ат минүү үчүн жакшы шарттарды түзүү керектигин айтты
Турганбаева: чет элдик туристтер ат минүүгө көбүрөөк кызыгууда

Чет элдик туристтер ат минүүгө көбүрөөк кызыгууда. Бул тууралуу Назгүл Турганбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, туризм жаатында көбүнесе жеке ишкерлер иштеп жаткандыктан жакшы шарттар түзүлбөй келет.

"Бизге келген туристтерден өлкөнүн эмнеси кызыктыраарын сурасак, дээрлик бардыгы эле "жаратылыш жана тоолор" деп жооп беришет. Мындан сырткары, ат минүү туризми дагы кызыгуу арттырат экен. Андыктан ушул тармактар боюнча көбүрөөк жарнама берип, жакшы шарттарды түзүү зарыл", — деди Турганбаева.

Ал жакшы шарттарды түзүү менен кошо жаратылышка аяр мамиле кылуу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0