Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Откеев: көпчүлүк дароо эле жылдыз болууну самайт

Жазылуу
Белгилүү режиссёр Сүйүн Откеев кино жылдызы болом дегендер алгач тасманын ашканасы менен таанышып чыгыш керектигин айтты
Откеев: көпчүлүк дароо эле жылдыз болууну самайт

Кастингге келгендердин көпчүлүгү дароо эле жылдыз болууну самайт. Бул тууралуу Сүйүн Откеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, киного чындап тартылгысы келген адам тасма аянтчасында чай ташып жүрсө да ыраазы болот.

"Жакында эле "Мегатой 2" тасмасын тартып баштаарда жардамчылар керек болуп, кастингге келгендердин айрымдарын чакырганбыз. Бирок жардамчы болуп иштөөдөн көпчүлүк баш тартты. Алар дароо эле кино жылдызы болууну каалайт. Бул жаңылыштык. Чыныгы киного тартылгысы келген адам тасма аянтында актёрго чай ташып жүрсө да тажрыйба топтоп, акырындап киного сүңгүп кирет", — деди Откеев.

Ал чай ташып, штатив көтөрүп жардам берген сыноо экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0