Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төрөкулов: биз курган бир бөлмөлүү үйдүн баасы 3000-3500 долларга барабар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тез Там" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Азиз Төрөкулов
Тез Там курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Азиз Төрөкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тез Там" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Азиз Төрөкулов жаңы технологияда курулган үйлөр жылуулукту жакшы кармап, өрткө, жер титирөөгө туруктуу келээрин айтты.
Төрөкулов: биз курган бир бөлмөлүү үйдүн баасы 3000-3500 долларга барабар

Биз курган бир бөлмөлүү үйдүн баасы 3000-3500 долларды түзөт. Аны бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү да каралган. Мындай пикирин Азиз Төрөкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында СИП панелден 3 кабатка чейин үй тургузууга мүмкүн

"СИП панелди көптөр түшүнбөй өтө жеңил экен, учуп кетет, өрттөнүп кетет деп кооптонгондор болду. Андыктан, биз учурда  дагы бир жаңы материалдардан куруп жатабыз. Өзгөчөлүгү — үйгө кетчү каражаттардын бардыгы өзүбүздөн чыгат жана жарактуу мөөнөтү СИП панель үйлөрдөй 30-50 жыл эмес, андан узак. Баасында айырма жок,  андан сырткары экологиялык жактан таза курулуш материалдары", — деди Төрөкулов.

Төрөкулов мындай үйлөр кошуна Казакстан, Россияда  жана чет өлкөлөрдө кеңири колдонулаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0