Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанов: Көчмөндөр оюнуна катышчу спортчуларга жакшы шарттар түзүлүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава Дирекции по национальным видам спорта Токсонбай Асанов
Глава Дирекции по национальным видам спорта Токсонбай Асанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу Жаштар иши жана спорт комитетинин улуттук спорт түрлөрү бөлүмүнүн жетекчиси Токсонбай Асанов спортчулар июнь айына чейин толук тандалып алынарын айтты.
Асанов: Көчмөндөр оюнуна катышчу спортчуларга жакшы шарттар түзүлүүдө

Көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчуларга жакшы шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу Токсонбай Асанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, спортчулар июнь айына чейин толук тандалып бүтөт.

"Көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчулар тандоо учурунда эле машыгууларды өткөрүшөт. Ар бир федерациянын сунушу менен шарттар түзүлүп жатат. Буюрса талаптарын аткаруудабыз. Учурда алыш, көк бөрү боюнча тандоо жыйынтыкталып калды", — деди Асанов.

Эскерте кетсек, эл аралык оюндар үстүбүздөгү жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0