Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момбеков: эркелеп келген өкмөт эртелеп кетет экен

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков балдардын өкмөтү бат эле кетип, чапанын сүйрөгөн чалдар келгенин айтты
Момбеков: эркелеп келген өкмөт эртелеп кетет экен

Эркелеп келген өкмөт эртелеп кетет экен. Аны тарых көрсөттү. Бул тууралуу эл өкүлү Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында жаңы премьер-министрдин талапкерлиги каралып жатканда билдирди.

Ал жаңы өкмөт деген менен курамында "эски" адамдар экенин белгиледи.

"Эркелеп келген өкмөт эртелеп кетет экен. Аны тарых көрсөттү. Келе элек өкмөттүн бере элек чайына ийгилик каалабайын, балдардын өкмөтү бат эле кетти. Эми чапанын сүйрөгөн чалдар келиптир. Жаңы өкмөт деп жакшы сөз айтайын десем, жалаң эле "б/у" өкмөт келиптир. Сиздин биринчи вице-премьериңиз курулушчу, экинчиси милиционер, үчүнчүсү географ, төртүнчүсү тарыхчы экен. Экономиканын эбин кантип табасыз", — деп эл өкүлү премьерликке талапкерди жарга такады.

Эске сала кетсек, Сапар Исаков баштаган өкмөттү Жогорку Кеңеш отставкага кетирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0