Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мусабаев: бир чакырым жол салуу үчүн 5 млн. сом кетет

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник отдела ОКиПР Департамента дорожного хозйства при Минтрансе КР Акылбек Мусабаев
Начальник отдела ОКиПР Департамента дорожного хозйства при Минтрансе КР Акылбек Мусабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол чарба департаментинин өндүрүш техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Мусабаев 2017-жылы жалпы 320 чакырым жол салынганын айтты
Мусабаев: бир чакырым жол салуу үчүн 5 млн. сом кетет

Бир чакырым жол салуу үчүн орто эсеп менен 5 миллион сом кетет. Бул тууралуу Акылбек Мусабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул каражат жалпы чыгымдардарды эске алуу менен каралган.

"Жол чарба депертаментинин эсептөөсү боюнча азыркы учурда бир чакырым жол куруу үчүн 5 миллион сом кетет. Анын ичинде асфальттын калыңдыгы 6 сантиметр, туурасы 6 метр болушу керек деген талаптар да каралган", — деди Мусабаев.

Ал Кыргызстандагы жолго арналган тендерлердин көпчүлүгүн Кытай мамлекети утарын жана жакын жайгашкандыктан аталган мамлекет менен кызматташуу ыңгайлуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0