21:18 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова
© Sputnik / Азамат Тотубаев

Мавлянова: окуучуларга сабакта смартфон колдонууга тыюу салуу керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
86 0 0

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова окуучулардын гаджеттерге болгон кызыгуусу биринчиден алардын ден соолугуна зыян экенин айтты.

Сабакта окуучуларга смартфон колдонууга тыюу салуу керек. Бул биринчиден алардын ден соолугуна зыянын тийгизүүдө. Мындай пикирин Махабат Мавлянова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай сунуштар ата-энелер тарабынан да айтылып келет.

"Окуучулар активдүү кыймылда болушу керек. Алар кечке смартфон карап отуруп ден соолуктарына да олуттуу зыян алып келүүдө. Мындан сырткары, маалыматты интернеттен алып жазып коюп, колдорунда телефон жок учурда эч нерсени билбей калып жатышат. Жыйынтыгында биз билимсиз, чыдамы жок муунду тарбиялап жатабыз", — деди Мавлянова.

Ал мектепте смартфон колдонууга тыюу салуу балдардын укугун тебелегендикке жатпай турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, ал окуучулардын сабак учурунда гаджеттерди колдонуусуна чектөө киргизүү боюнча токтом долбоорун сунуштаган. Токтом учурда коомдук талкууда.

Белгилер:
билим берүү, мектеп, Махабат Мавлянова

ЭҢ МААНИЛҮҮ