Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраимов: "Ош" базардагы күйүп кеткен орундарды мурдагы ээлери эле иштетет

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын Албек Ибраимов. Архив
Бишкек шаарынын Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэри Албек Ибраимов Экология-техникалык инспекция териштирүүнү жыйынтыктап, курулушка уруксат берери менен иштер башталарын айтты
Ибраимов: "Ош" базардагы күйүп кеткен орундарды мурдагы ээлери эле иштетет

"Ош" базардагы күйүп кеткен орундарды мурдагы ээлери эле иштетет. Бул тууралуу Албек Ибраимов парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, "Ош" базарынын аймагында жыл башынан бери үч жолу өрт чыккан. Акыркы жолу 13-апрелдин таңында өрттөнүп, жалын 5400 чарчы метр жерди жалмаган.

"Базардын ээси, аткаруучу директорлор менен жолуктук. Жетекчилик сатуучуларга кайра эле орундары бериле тургандыгын айтты. Мындан сырткары, ижара баасы боюнча жеңилдик каралат. Анан күйүп кеткен күркөлөрдү ордуна алып келүүгө да көмөктөшөт", — деди Ибраимов.

Ал 298 адам менен сүйлөшүү жүргүзүлгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0