Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садыбакасов: быйыл өрт өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовӨКМдин жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкы башкармалыгынын өрттү анализдөө жана алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери Бакыт Садыбакасов. Архив
ӨКМдин жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкы башкармалыгынын өрттү анализдөө жана алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери Бакыт Садыбакасов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкы башкармалыгынын өрттү анализдөө жана алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери Бакыт Садыбакасов өрт кырсыктары көбүнчө жарандардын кайдыгерлигинен келип чыгаарын айтты.
Садыбакасов: быйыл өрт өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп болду

Быйылкы үч айда былтыркыга салыштырмалуу өрт 20 пайызга көп болду. Бул тууралуу Бакыт Садыбакасов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өрттүн 36,3 пайызы электр энергиясына болгон этиятсыздыктан чыкса, 26,5 пайызы отко болгон кайдыгерликтен улам келип чыккан.

"Өрт кырсыктарынын көпчүлүгү Чүй облусу менен Бишкек шаарында болду. Быйылкы үч айда эле өрт былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 19,9 пайызга көп болду. Анын кесепетинен өлкө боюнча 28 адам көз жумду. Өрттүн көпчүлүгү турак-жай секторунан чыгып, жалпы келтирилген материалдык чыгым 29 миллион 838 миң 990 сомду түздү", — деди Садыбакасов

Ал ошондой эле жарандарды өрттүн келип чыгуусун алдын алууга жана электр приборлорун, от тутанчу жабдыктарды колдонууда жаш балдарды этияттыкка үйрөтүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0