Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабеков: акчанын айынан арзан темир коюуга макул болгондо жаным кейийт

© SputnikОртопедиялык жана травматологиялык илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков. Архив
Ортопедиялык жана травматологиялык илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ортопедиялык жана травматологиялык илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков операция акысыз жасаларын, бейтаптар коюлуучу темирлерге гана акча төлөрүн айтты.
Жумабеков: акчанын айынан арзан темир коюуга макул болгондо жаным кейийт

Бейтап акчанын айынан арзан темирлерди коюуга макул болгондо жаным кейийт. Мындай пикирин хирург Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сөөккө коюлуучу темирлердин көбү чет элден алып келинет жана бул багытка мамлекеттен эч кандай каражат бөлүнбөйт.

"Жакында эле мага бир келин келди. Колу талканып кетиптир, бир тыйын акчам жок дейт. Биз ал келиндин бардык каражатын өзүбүз көтөрүп, операция жасап берели дедик. Мындай учурлар көп болот. Демөөрчү издеп, өзүм демөөрчү болуп, керек болсо дарыгерлер да акча чогултуп, керек-жарагын алып, операция жасап беребиз", — деди Жумабеков.

Ал өзү иштеген борбордун дарыгерлери кайрылгандардын бирөөнөн да баш тартпай жардам берип келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0