Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанов: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аброю олимпиададан кийинки эле орунда

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава Дирекции по национальным видам спорта Токсонбай Асанов
Глава Дирекции по национальным видам спорта Токсонбай Асанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу Жаштар иши жана спорт комитетинин улуттук спорт түрлөрү бөлүмүнүн жетекчиси Токсонбай Асанов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жеткен спортчуларга стипендия төлөнөрүн билдирди.
Асанов: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аброю олимпиададан кийинки эле орунда

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аброю олимпиададан кийинки эле орунда турат. Бул тууралуу Токсонбай Асанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, жеңишке жеткендер спорттук даражаларга ээ болушат.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн бардык спортчуларыбызга шарттар түзүлүп берилет. Тиешелүү федерациялар тандоодон соң спортчуну каерде, кандай шартта машыктыруу керектигин айтышат, ошого жараша машыгуу жайын камсыздап беребиз. Жеңүүчүлөр стипендия гана алып тим болбостон, эл аралык деңгээлдеги спорттук даражаларга да ээ болушат", — деди Асанов.

Ал учурда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга спортчулар арасында тандоо жүрүп жатканын, тандоолор июль айында жыйынтыкталып, машыгуулар башталаарын кошумчалады.

Эскерте кетсек III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үстүбүздөгү жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0