Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эсембаев: бөйрөк оорулуу балдар гемодиализ менен көпкө жашай албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүнүн башчысы Болот Эсембаев
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүнүн башчысы Болот Эсембаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүнүн башчысы Болот Эсембаев бөйрөгүн алмаштырууда чоң кишилерге караганда балдардын абалы курч экенин айтты
Эсембаев: бөйрөк оорулуу балдар гемодиализ менен көпкө жашай албайт

Бөйрөк оорулуу балдар гемодиализ менен көпкө жашай албайт. Анткени алардын өмүрүн кан тазалоо менен үч, беш жылга гана узартууга болот. Бул тууралуу Болот Эсембаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдардын ички органдарды буга туруштук бере албайт.

"Чоң кишилер 15-20жылга чейин гемодиализ менен жашай алат. Ал эми балдардын жүрөк, боору буга чыдабайт. Андыктан гемодиализге түшкөн балага болушунча тез арада бөйрөгүн алмаштыруу керек. Донор табылган соң да операцияга чейин эле көп акча керектелет. Ал эми дартка чалдыккан балдардын көпчүлүгү социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн. Мамлекет тарабынан бул илдетке туш болгондорго жардам көрсөтүлсө жакшы болот эле", — деди Эсембаев.

Ал Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясына 5000 доллардан 7000 долларга чейин акча кетерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0