Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жылкыбаев: Ысык-Көлгө келгенде эле элдики дей бергенди токтотсок

© Sputnik / Исмаил МамытовӨкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев. Архив
Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев пансионаттар өздөрүнө караган пляждарды тосуп алып, акы алганын колдой турганын айтты
Жылкыбаев: Ысык-Көлгө келгенде эле элдики дей бергенди токтотсок

Ысык-Көлгө келгенде эле элдики дей бергенди токтотсок. Мисалы "Ала-Арчага" унчукпай эле акча төлөп кирип жатпайбызбы. Мындай пикирин Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коопсуздук маселесин алдын алуу үчүн пансионаттар өз айланасын тосуп алып, кирип-чыккандардан акча алганы туура.

"Бир пансионаттан бир күндө эле он машинадай таштанды чыгат. Андан сырткары, эгер пляждарын каалаган адам кире бере тургандай кылып ачык коюшса, эл сүрөткө түшүү максатында малга чейин киргизип жиберип жатышат. Тосуп, акча төлөп кире турган кылгандары эле туура, болгону өтө кымбат болбошу керек. Башка жактарга эс алып барганда унчукпай эле төлөп жатпайбызбы", — деди Жылкыбаев.

Ал эгер өзүндө эс албаган туристтерди пляжына киргизүүдөн баш тарткан пансионаттар салыкты мыйзам чегинде эки эсе көп төлөй турганын кошумчалады

Жаңылыктар түрмөгү
0