Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жанузакова: ичкиликке эркектерге караганда аялдар бат азгырылат

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык наркология борборунун дарыгери Венера Жанузакова. Архив
Республикалык наркология борборунун дарыгери Венера Жанузакова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык наркология борборунун дарыгери Венера Жанузакова ичкиликке берилген аялдар буга чейин дарыгерлерге кайрылуудан тартынып келгендигин айтты
Жанузакова: ичкиликке эркектерге караганда аялдар бат азгырылат

Ичкиликке эркектерге караганда аялдар бат азгырылат. Бул тууралуу Венера Жанузакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айымдар сезимтал келип, көйгөйлөрдү ичкилик аркылуу жеңүүнү ойлойт.

"Бүгүнкү күндө экономикалык жагдайлар, үй-бүлөлүк маселелерден улам аялдар ичкиликке берилип жатат. Аялдын организми эркектикине салыштырмалуу алсыз болгондуктан, аракка туруштук бере албай, ичкиликке бат азгырылып кетет. Ичимдиктердеги химиялык структуралар ден соолукка өтө чоң зыян алып келет", — деди дарыгер.

Жанузакова арак өзгөчө мээни жабыркатып, кабыл алуу, туюу сезимдеринин начарлашына алып келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0