Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: ичкиликке берилген аялдарга көңүл буруу жетишпейт

© Sputnik / Исмаил МамытовАга окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова айымдардын ичкиликке берилүүсүнүн себептерин айтып берди
Бообекова: ичкиликке берилген аялдарга көңүл буруу жетишпейт

Ичкиликке берилген аялдарга көңүл буруу жетишпей келет. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аялдар назик болгондуктан, ичкиликти организм бат кабыл алат.

"Айымдар эмне үчүн ичкиликке берилип кетет? Биринчиден, аларга көңүл буруу жетишпейт. Экинчиден, коомдо жалгыз бой айымдар көп. Көпчүлүк башына түшкөн түйшүктү арак аркылуу унутам деп ушул кадамга барат. Мындан сырткары, айласыздык, бирөөгө таарынуу, өзүнө нааразылануу, жек көрүү, өзүн күнөөлүү сезүү, өзүнө болгон ишенбөөчүлүк, ар кандай коркуулардан улам кыз-келиндер ичкиликке берилип кетет", — деди психолог.

Ал ичкилик маселени чечпей турганын, тескерисинче, дагы бир ден соолук көйгөйүн жаратарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0