Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтомаметов: балдардын мектепке чейинки даярдыгына өзгөчө көңүл бурулууда

© Sputnik / Исмаил МамытовКыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомаметов
Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомаметов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомаметов баланын социалдашуусуна үч жашка чейин дыкат көңүл буруу керектигине токтолду
Токтомаметов: балдардын мектепке чейинки даярдыгына өзгөчө көңүл бурулууда

Балдардын мектепке чейинки даярдыгына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу Алмазбек Токтомаметов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бала кичинекей кезинде маалыматты так жана тез кабыл алууга жөндөмдүү.

"Наристени бала бакчага сөзсүз түрдө бериш керек. Анын окуп, жазуусуна эле басым жасабай, дүйнө таанымынын өсүшүн камсыздоо зарыл. Биз мурда 240 сааттык программа менен окутуп келсек, эки жылдан бери үч жаштан алты жашка чейинки балдар үчүн даярдалган жаңы программанын негизинде жылына 480 саттан окутуп жатабыз", — деди Токтомаметов.

Ал мектепке чейинки даярдык программасы бала бакчага барган балдар үчүн мектепте эмес, бакчада окутуларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0