Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Каленов: кой артында жүрүп тоо жаңырта токтобой ырдачумун

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Алтынбек Каленов маек учурунда
Ырчы Алтынбек Каленов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтынбек Каленов Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулган. Мектепти бүтөрү менен Бишкекке келип чыгармачылыкка кадам таштаган.
Каленов: кой артында жүрүп тоо жаңырта токтобой ырдачумун

Ырчы Алтынбек Каленовдун бала чагы минген эшегин сахна, айдаган коюн күйөрман кылып Ат-Башынын тоолорун жаңырта ырдап жүрүп өткөн. Бул туурасында өнөр ээси Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди..

"Бала чагымда деле боюм кичине болгондуктан ат мине албай эшек менен кой кайтарчумун. Чабан байкелер "койду айдап чыгып кайра үйгө келгенге чейин кыйкырып ырдап жүрчүсүң" деп азыркыга чейин айтышат. Айланадагы кишилерди көрсөм токтоп калчу экенмин. Анан мага көрүнбөй берки кыр менен басып угушчу экен. Чоң атам Кален да таланттуу болгон, сүйлөгөндө кекечтенип, ал эми ырдаганда такыр такалчу эмес дейт. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери эле, мен 2-классымда кайтыш болуп калды. Атам да жакшы ырдайт, бирок малчылык менен алектенип айылда калып калган", — деди Каленов.

Ошондой эле ал туугандарынын арасында жакшы ырдагандар көп болгону менен чыгармачылык чөйрөгө аралашпаганын кошумчалады.

Алтынбек Каленов менен болгон маекти толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0