Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурматов: өзүмдү тоонун башындагы таштын үстүндө эркин сезем

Жазылуу
Фермер Бообек Нурматов айылда жүрүп деле жакшы киреше тапса болорун кошумчалады
Нурматов: өзүмдү тоонун башындагы таштын үстүндө эркин сезем

Кеңсеге караганда, өзүмдү тоонун башындагы таштын үстүндө эркин сезем. Бул тууралуу фермер Бообек Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, миллиондорду айылдан деле тапса болот.

"Мени дайыма айылга тартып турат. Кеңседе отуруп иштегенге караганда, өзүмдү тоонун башындагы таштын үстүндө эркин сезем. Негизи миллиондорду кыштактан деле тапса болот. Болгону кандай гана иш болбосун тобокелчиликке салып, мээнет кылуу керек. Бул жагынан мен ар бир кыргыз үй-бүлөсүндө айтылып келген "эрте тур" деген принципти катуу карманам. Саат тогузда тургандан көрө алтыда турсаң, ишке жөндөмүң күчөп, убактың кененирээк болот", — деди Нурматов.

Ал учурда соода багытында алектенип, каратэ өнөрү менен балдарды акысыз машыктырып жаткандыгын кошумчалады.

Бообек Нурматов менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0