Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кожобеков: акчаны интернеттен эмес, коммуналдык кызматтан аяп калдык

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү журналист Тынчтыкбек Кожобеков. Архив
Белгилүү журналист Тынчтыкбек Кожобеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү журналист Тынчтыкбек Кожобеков учурда адамдар пайдасыз нерселерге каражат жумшап жаткандыгын айтты
Кожобеков: акчаны интернеттен эмес, коммуналдык кызматтан аяп калдык

Коммуналдык кызматтардын акчасын убагында төлөбөйбүз, бирок жума сайын интернетке акча салып турабыз. Бул пикирин Тынчтыкбек Кожобеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандар ар бир секунддук чалуулар, колдонгон мегабайттар үчүн акчасын аябайт.

"Сууга, электр жарыгына, үй жана жер салыктарын төлөөгө келгенде акча аяп, убагында төлөбөйбүз. Анын баары бир жылда биригип аз эле сумманы түзүшү мүмкүн. Ал эми интернетке жума сайын, ай сайын бирдик салып, кенен колдонуп калдык", — деди журналист.

Кожобеков кыргызстандык жарандар мунусу менен интернетти сатып алган өлкөлөрдүн капчыгын кампайтып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0