Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Туткучев: өмүр бою иштесем таба алгыс акчадан баш тарткам

© Sputnik / Табылды КадырбековИзвестный акын, заслуженный артист КР Аалы Туткучев
Известный акын, заслуженный артист КР Аалы Туткучев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРнын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Аалы Туткучев шайлоодо татыксыздарды колдоп ырдаганы үчүн артист да элдин добушун уурдаган болуп эсептелерин айтты
Туткучев: өмүр бою иштесем таба алгыс акчадан баш тарткам

Парламенттик шайлоо учурунда өмүр бою иштесем таба алгыс акча сунушташты, бирок мен барган жокмун. Анткени мен мактап ырдаган талапкер эртең шайланган соң убадасын аткарбаса, эл алдында мен да калпычы болом. Мындай пикирин Ааалы Туткучев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул — чоң моралдык жоопкерчилик.

"Жай турмушта өзүмдү эмес, телефон номеримди унутуп койгон саясатчылар шайлоо алдындагы үгүт маалында дос, тууган болуп чыга келди. Ар кайсы партиядан түрдүү суммадагы акчаларды сунушташты. Пенделик кылып макул болсом болот эле, бирок бир да шайлоодо үгүт иштерине катышканым жок", — деди Туткучев.

Ал ошондой эле өнөрү менен өзүн дүйнөдөгү эң бай адам сезерин кошумчалады.

Айтылуу акын Аалы Туткучев менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0