Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Улук Кыдырбаев: жаңы транспорттук система түзүү керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Биз Эксперт" аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев
Биз Эксперт аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Биз Эксперт" аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев 1991-жылдан баштап коомдук транспорттордун абалы өнүкпөй калганын айтты
Улук Кыдырбаев: жаңы транспорттук система түзүү керек

Жаңы транспорттук система түзүү керек. Бул тууралуу Улук Кыдырбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар, шаар тургундары жана мэрия кызматкерлери чогулуп, жаңы бир тутумду карап чыгышы зарыл.

"Бул жерде бардык тараптар чогулуп бир чечим кабыл алышы шарт. Мисалы, Лондондун борбордук көчөлөрүндө унаалар жүрбөйт. Ал жакта "шаар — тургундар үчүн" деген сөздү карманышат. А бизде андай нерсе жок. Шаарыбыздын борборунда адамдар да, унаалар да жүрө берет. Мындай кырдаалда мэрия кызматкерлери, шаар тургундары жана айдоочулар кеңешип, жаңы транспорттук системаны түзүп чыгуу керек", — деди Кыдырбаев.

Ал мэрия кызматкерлери калаа жашоочуларына транспорт жаатындагы 2 жылдык планын алдын ала айтып турушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0