Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атамбаев: соттук реформаны алты эмес, 26 жылда да бүтүрө албагандар бар

© Sputnik / Табылды КадырбековАлмазбек Атамбаев КСДП партиясынын XVII съездинен соң өткөн брифинг учурунда
Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын XVII съездинен соң өткөн брифинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент Алмазбек Атамбаев соттук реформаны алты эмес, 26 жылда да бүтүрө албагандар бар экенин айтты
Атамбаев: соттук реформаны алты эмес, 26 жылда да бүтүрө албагандар бар

Ал мындай пикирин КСДП партиясынын XVII съездинен соң брифингде суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, соттук реформа ошондогу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун суранычы менен 2018-жылдын январь айынан 2019-жылдынбашына жылдырылган.

"Жети кодекстин ишке кирүүсү, сот отурумдарынын интернеттен түз көрсөтүлүүсү ишке кирсе, соттук реформа толук ишке ашмак. Азыр эмнени күттүк деп айтып жатышат. 2018-жылдын январь айынан 2019-жылдын январына ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзү жылдырган, жетишпейбиз деген себеп менен", — деди Атамбаев.

Ал өзү кызматта турган акыркы беш жылда сот тармагына бөлүнгөн каражат беш эсе көбөйгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0