Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карашев: таза суу чыгаруу үчүн лицензияны бекер кылуу керек

Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев таза суу үчүн каражаттын суралышы туура эмес деген ойдо
Карашев: таза суу чыгаруу үчүн лицензияны бекер кылуу керек

Таза суу чыгаруу үчүн лицензияга 13 миң доллар сурап жатышат. Бул тууралуу Аалы Карашев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, элди араң таза суу менен камсыздап жатканда бул кадам туура эмес.

"Таза суу маселеси айрым айылдарда азыркы күнгө чейин чечиле элек. Жер астындагы сууну пайдалуу үчүн лицензия алгыла дегендер бар экен. Өзгөндө болсо лицензия үчүн 13 миң доллар сурап жатыптыр. Мындай жарабайт", — деди Карашев.

Ал лицензияны бекер кылуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0