Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ногойбаев: түтүн жогору көтөрүлгөндүктөн өрт учурунда жерге жатуу керек

© Sputnik / Исмаил МамытовРуководитель одного из отделов МЧС Чынгыз Ногойбаев
Руководитель одного из отделов МЧС Чынгыз Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун турмуш-тиричиликтин коопсуздугу кафедрасынын жетекчиси Чыңгыз Ногойбаев полдон 30-50 сантиметр өйдө таза аба болоорун айтты.
Ногойбаев: түтүн жогору көтөрүлгөндүктөн өрт учурунда жерге жатуу керек

Түтүн жогору көтөрүлгөндүктөн өрт учурунда жерге жатуу керек. Бул тууралуу Чыңгыз Ногойбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тилсиз жоо учурунда иске ууланбаганга аракет кылуу керек.

"Эгерде өрт чыккан бөлмөдөн чыга албай калсаңыздар дароо суу чүпүрөк менен терезе, эшиктен шамал кирбей турган кылып жылчыкчаларын тосуу зарыл. Анан жерге жатып, жөрмөлөп чыгууга аракет кылса болот. Анткени түтүн жеңил болгондуктан жогору көтөрүлүп полдон 30-50 сантиметр өйдө таза аба болот", — деди Ногойбаев.

Ал ошондой эле жууна турган бөлмөдөгү ваннага суу толтуруп алып ичине жатып, жардам күтсө болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0