Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Давлеталиев: тамактануучу жайларга чаптамалар дароо эле жабыштырылбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министринин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев
Экономика министринин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министринин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев чаптамаларына (стикер) карап тамактануучу жайдын ичине кирген көрүнүш Европа өлкөлөрүндө кеңири жайылгандыгын белгиледи
Давлеталиев: тамактануучу жайларга чаптамалар дароо эле жабыштырылбайт

Тамактануучу жайларга чаптамалар дароо эле жабыштырылбайт. Бул тууралуу Бакыт Давлеталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер кафе, ресторандардын абалы начар болсо, аны ондоого бир айдай убакыт берилет.

"Тамактанууга келген жарандар отурган жерине, кафенин жасалгасына көнүл бурат. Ал эми ал жеп жаткан тамактар кандай шартта жасалгандыгына көп деле маани бере бербейт. Ошол себептен чаптамалар тамактануу жайынын ашканасынын деңгээлин көрсөтүп турат. 1-апрелден баштап Бишкектеги жана Ысык-Көлдөгү кафе, ресторандарды текшерүүгө алып, чаптамаларды жабыштыра баштайбыз. Эгер тамактануучу жер талаптарга жооп бербесе, бир айдай убакыт берилет. Дароо эле чаптамаларды кафенин сыртына жабыштырбайбыз", — деди Давлеталиев.

Ал мындай жол менен туристтер да коркпой тамактанып калышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0