Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бийназаров: дөңгөлөк өрттөөгө тыюу салып, айып пул киргизиш керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"АгроПром Холдинг" кайра иштетүү ишканасынын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Бийназаров
АгроПром Холдинг кайра иштетүү ишканасынын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Бийназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"АгроПром Холдинг" кайра иштетүү ишканасынын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Бийназаров автоунаалардын дөңгөлөктөрүн өрттөө экологияга олуттуу зыян алып келерин айтты.
Бийназаров: дөңгөлөк өрттөөгө тыюу салып, айып пул киргизиш керек

Дөңгөлөк өрттөөгө мыйзам чегинде тыюу салып, айып пул киргизиш керек. Мындай пикирин Чыңгыз Бийназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жараксыз дөнгөлөктөрдү өрттөбөй кайра иштеткендерге тапшырса болот.

"Биз жарабаган дөңгөлөктөрдөн спорттук, балдар аянтчаларына килемчелерди жасайбыз. Каалоочулар дөңгөлөк тапшырып, даяр товарга алмаштырып алса болот. Аны күйгүзүп салуу жаратылышка абдан зыян. Андан көрө жарандарыбыз бизге өткөрсө, экологияны да коргошоор эле", — деди Бийназаров.

Ал дөңгөлөктү отко жагып аткандарды көрсө чыдабай үйлөрүнө чейин кирип барып, өрттөбөөгө чакырарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0