Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Усенов: азыркы замандын адамдары кайдадыр шашып эле турушат

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихотерапевт Кенешбек Усенов
Психотерапевт Кенешбек Усенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык психологиялык жана психотерапевттик жардам көрсөтүү боюнча кеп-кеңеш берүү борборунун жетекчиси Кеңешбек Усенов адамдар мурда ат арабадай жай ылдамдыкта жүргөн болсо, учурда өтө тездик менен жумуштарын шашып бүтүрүп калышканын айтты.
Усенов: азыркы замандын адамдары кайдадыр шашып эле турушат

Азыр баары эле шашып жүрөт. Токтоп "мен кайда шашып баратам" деп анализ жасаган адам жок. Бул тууралуу Кеңешбек Усенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жада калса адамдар бири-биринин сөзүн укканга убактысы жок.

"Маселени чечүүдө биз өзүбүзгө байкоо жүргүзүшүбүз керек. Мен кайда шашып жатам? Бул турмуштун маңызы эмнеде? Элден кандай мамиле күтөм, өзүм аларга кандай мамиле жасап жатам? деген суроолорго жооп берүү керек", — деди Усенов.

Ал ар бир адам өзүнүн көйгөйүн дүйнөдөгү эң чоң маселе деп эсептээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0