Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Осмонова: өнүктүрүү фондусунан асыл тукум малды көбөйтүү үчүн насыя алса болот

Осмонова: өнүктүрүү фондусунан асыл тукум малды көбөйтүү үчүн насыя алса болот
Жазылуу
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун долбоордук каржылоо кызматынын адиси Нурзада Осмонова жергиликтүү малды көбөйтүүгө насыя берилбей тургандыгын айтты
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан асыл тукум малды көбөйтүү үчүн насыя алса болот. Бул тууралуу Нарзада Осмонова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фонд тарабынан тоо-кен өнөр жайы тармагына да каражат бөлүнөт.
"Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аты айтып тургандай эле өнүктүрүүгө, кайра иштетүүгө басым жасайбыз. Ошондуктан жергиликтүү малды көбөйтүү үчүн насыя берилбейт. Асыл тукум малдын санын көбөйтөм дегендер гана насыя алса болот", — деди Осмонова.
Ал насыяны бардык каалоочулар алса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0