Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мадумаров: мамкызматкерлердин маянасын көбөйтсөк болот

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров. Архив
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров учурдагы мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы өтө аз экенин айтты
Мадумаров: мамкызматкерлердин маянасын көбөйтсөк болот

Мамлекеттин казынасына жараша маянанын көлөмү белгиленген. Биз аны көбөйтүү үчүн акча тапсак деле болот. Мындай пикирин Мадумаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

"Кырк кадам" программасынын алкагында алгач эле ушул маяна маселесине көңүл бурабыз. Ал үчүн чет элдик серепчилер менен иштешүүдөбүз. Жыл аягына чейин биздин ишкана бул багытта өкмөткө конкреттүү сунуштарын берет", — деди Мадумаров.

Ал мамлекет маянаны көтөрүү менен гана дасыккан кадрларды тартуу жаатында жеке секторлорго атаандаша аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0