Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айтмурзаева: кургак учук оорусун дары менен гана айыктырууга болот

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор РЦУЗ Гульмира Айтмурзаева
Директор РЦУЗ Гульмира Айтмурзаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун директору Гүлмира Айтмурзаева кургак учук элдик медицина менен айыкпай тургандыгын белгиледи
Айтмурзаева: кургак учук оорусун дары менен гана айыктырууга болот

Кургак учук оорусун дары менен гана айыктырууга болот. Бул тууралуу Гүлмира Айтмурзаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган ооруга чалдыккандардын айрымдары табыптарга барып, оорусун күчөтүп алат.

"Кургак учукту кымыз ичип, же иттин этин жеп айыктырып алам дегендер жаңылышат. Кымыз менен иммунитетти көтөрүүгө болот, бирок организм алсыз болуп, арыктап турса анын пайдасы тийбейт. Ал эми аталган ооруну айыктырууга бир гана атайын медициналык дары-дармектер жардам бере алат", — деди Айтмурзаева.

Ал кургак учук оорусу тукум куубай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0