17:47 20 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7931
  • EUR98.5847
  • RUB1.1933

Алсеитова: кыргыз салты боюнча Умай эне гана аластайт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
Нооруз — 2018 (32)
16410

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Шайгүл Алсеитова кыргыз философиясындагы Умай эне — бул жалпы эле энелердин образы экенин айтты.

Алсеитова: кыргыз салты боюнча Умай эне гана аластайт

Кыргызда Умай эне гана аластайт. Мындай пикирин Шайгүл Алсеитова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Кыргыз эли байыркы эл болгондуктан, ар бир нерсеге философиялык жактан маани берген. Бала төрөлгөндө артындагы көк тактарды Умай эненин колу тийген жери дейбиз. Баланы бешикке бөлөөрдө "менин колум эмес, Умай эненин колу" деп айтылат. Ноорузда Умай эненин аластоосу да бекеринен эмес", — деди Алсеитова.

Ал ошондой эле Умай эне жакшылыктын жарчысы экенин кошумчалады.

Тема:
Нооруз — 2018 (32)

Тема боюнча

Сооронбай Жээнбеков: Нооруз майрамы Кыргызстан элинин ынтымагын чыңдасын
Нооруз майрамына карата "Ала-Тоо" аянты кандай жасалгаланды. Сүрөт
Белгилер:
Шайгүл Алсеитова, Нооруз

ЭҢ МААНИЛҮҮ