Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Примов: тойго кеткен чыгымдын ордуна жаштарга үй алып берген пайдалуу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Улан Примов
Депутат ЖК Улан Примов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов тойго кеткен каражат туура багытта жумшалса деген тилегин айтты
Примов: тойго кеткен чыгымдын ордуна жаштарга үй алып берген пайдалуу

Тойго сарптаган чыгымдын ордуна жаштарга үй алып берген көбүрөөк пайдалуу. Бул тууралуу Улан Примов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ашыкча ысырапкорчулукка баруу туура эмес.

"Биздин эл өлүм-житим менен той-топурга аябай көп акча кетирет экен. Экономикалык жактан эсептей турган болсок ал жерде миллиарддаган каражат жатат. Өзгөчө насыяга акча алып, той берүү мени өкүндүрөт. Бул маселени мыйзам менен эмес, түшүндүрүү иштери менен жойсо болот", — деди депутат.

Примов кеткен чыгымдарды туура пайдалануу менен коомго пайда келтирсе боло тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0