Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ормон уулу: тойго барган да, той ээси да стресс болуп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кереге" коомдук фондусунун жетекчиси Искендер Ормон уулу
Кереге коомдук фондусунун жетекчиси Искендер Ормон уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кереге" коомдук фондусунун жетекчиси Искендер Ормон уулу Кыргызстандагы тойлорду өзгөртүү керектигин айтты.
Ормон уулу: тойго барган да, той ээси да стресс болуп жатат

Той өткөргөндүн да, тойго баргандын да бактылуулук сезими байкалбай калды. Бул туурасында Искендер Ормон уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, элдин көпчүлүгү тойго чакыруу баракчасын алганда кубанычтуу эмес, кайгылуу кабарды уккандай сезимде болуп баратат.

"Тойго өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин чектөө эмес, сунуш катары кабыл алууга элди чакырат элем. Максатыбыз коомдун көйгөйлөрүн коом менен талкуулоо. Той маселесинде элим кайда баратат? Мына ушул нерсенин алкагында талкуу жүргүзүп, сунуш киргизүүнү каалап жатабыз. Анткени элдин баары чындыгында тойго барат. Бирок тойдогу маанайды көрө албай жатабыз. Той ээсинде да, тойго барган конокто да бактылуулук сезими байкалбайт. Баары эле капа, баары эле стресс абалында. Жада калса, депрессияда десек да болот", — деди Ормон уулу.

Ал Кыргызстанда жалпы 700дөй тойкана болсо, алардын 500дөн ашыгы Бишкекте жайгашкандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0