Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өзүбеков: бал айына келген чет элдиктерди кыргызча үйлөнтөбүз

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомчулукка негизделген кыргыз туризм ассоциациасынын аткаруучу директору Мырзабек Өзүбеков
Коомчулукка негизделген кыргыз туризм ассоциациасынын аткаруучу директору Мырзабек Өзүбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомчулукка негизделген кыргыз туризм ассоциациасынын аткаруучу директору Мырзабек Өзүбеков саякатчылар көңүлүнө жаккан нерсеге акчасын аябай турганын билдирди.
Өзүбеков: бал айына келген чет элдиктерди кыргызча үйлөнтөбүз

Туризмде фантазиянын чеги жок. Кандай турпродукция берүүнү бир гана сиз чечесиз. Мындай пикирин Өзүбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, чет элдик саякатчыларды биздин күнүмдүк жашообуз менен эле тартып алууга болот.

"Мисалы бизге чет элден жаңы үйлөнгөн жубайлар келишет. Сиздер ал жакта өз салтыңыздар менен үйлөндүңүздөр, эми кыргыз салты менен баш кошуңуздар деп, дагы бир ирет той өткөрүп жиберген программалар бар. Мындай өзгөчөлүктөр саякатчыларга абдан жагат", — деди Өзүбеков.

Ал бул программада кадимкидей боз үй тигилип, кызга жеңе шайлап, ала качтырып, бардык салт-санаалар аткарыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0