Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Данилов: жөө туризм боюнча элүү жаңы маршрут түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖөө туризм бирикмесинин аткаруучу директору Марат Данилов
Жөө туризм бирикмесинин аткаруучу директору Марат Данилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жөө туризм бирикмесинин аткаруучу директору Марат Данилов чет элдиктерди көбүнчө жөө туризм кызыктыра турганын айтты
Данилов: жөө туризм боюнча элүү жаңы маршрут тузүлдү

Чет элдик туристтер барган сайын ортомчусуз, түз саякаттоого өтүүдө. Мындай пикирин Марат Данилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай саякаттоо саякатчыга да, аларды тейлеген жергиликтүү тургундарга да пайдалуу.

"Аймактарга келген туристтердин саны өсүүдө. Өзгөчө жөө туризмге кызыккан саякатчылар жаңы маршруттарды каалашат. Ошондуктан биз былтыркы жайдан баштап элүүдөй жөө туризм маршруттарын түздүк. Алардын сүрөттөрү, тизмеси, түшүндүрмөлөрү менен 5 карта жарыкка чыкты", — деди Данилов.

Ал өлкө табияттын нукуралуулугун сактап калуу менен туризмди өнүктүрсө көп киреше табыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0