Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касымов: тогуз коргоол аркылуу эл башкарганды үйрөтүшкөн

© Sputnik / Табылды КадырбековТогуз коргоол федерациясынын президенти Камчыбек Касымов
Тогуз коргоол федерациясынын президенти Камчыбек Касымов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тогуз коргоол федерациясынын президенти Камчыбек Касымов жакынкы күндөрү Түркияда өтчү таймашка тогуз коргоол жана мангала оюндары боюнча кыргызстандык жаштардын барарынн айтты
Касымов: тогуз коргоол аркылуу эл башкарганды үйрөтүшкөн

Тогуз коргоол оюну аркылуу эл башкарганды үйрөтүшкөн. Бул тууралуу Камчыбек Касымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, илгери болочок эл башкаруучулардын акылын тогуз коргоол аркылуу калчашкан.

"Тогуз коргоол оюну мурда азыркыдай спорт эмес, тарбиялоо жана окутуу куралы болчу. Илгери жоого жигиттерди даярдаганда, элди кантип башкаруу керектигин үйрөткөн учурда тогуз коргоол аркылуу алардын акылын текшеришкен", — деди ал.

Касымов аталган оюндун 2400 жылдан ашык тарыхы бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0