Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрзаков: агамдын арты менен спортко барып калгам

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКыргызстандын ММА жана Панкратион федерацияларынын президенти, Дзюдо федерациясынын вице-президенти, "Мухаммед Умар" спорт клубунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаков
Кыргызстандын ММА жана Панкратион федерацияларынын президенти, Дзюдо федерациясынын вице-президенти, Мухаммед Умар спорт клубунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын ММА жана Панкратион федерацияларынын президенти, Дзюдо федерациясынын вице-президенти, "Мухаммед Умар" спорт клубунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаков спорттук бир канча түрү менен машыккандыгын айтты.

Агамдын арты менен спортко барып калгам. Бул тууралуу Улукбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Өмүрзаков: агамдын арты менен спортко барып калгам

Анын айтымында, "Мухаммед Умар" спорт клубун агасы, ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков негиздеген.

"Үй-бүлөдө он бир тууганбыз, беш эркек, беш кыз. Экинчи агам Тазабек каратэнин шотокан түрү менен машыкчу. Ал "эркек бала спортко жакын болушу керек" деп өзүнөн кичүү үч инисин спорт дүйнөсүнө аралаштырды десем болот. Өзүм туулуп өскөн Кара-Кулжа районундагы орто мектепте окуп жүргөн кезимде каратэге кызыгып, спорттун ушул түрү менен машыгып жүрдүм. Мектепти аяктап, Ош шаарына келип, бирок жогорку окуу жайга өтпөй калдым да Белоруссияга кеттим. Ал жакта каратэнин шотокан түрү, дзюдо менен машыгып жүрдүм. Кийинчерээк Кыргызстанга келип, күжүрмөн самбо менен машыктым", — деди Өмүрзаков.

Ал учурда прокурор болуп иштей тургандыгын кошумчалады.

Улукбек Өмүрзаков менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0