13:34 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Жамангулов: Чүй өрөөнүндөгү каналдарды эртерээк тазалоо керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
49 0 0

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов быйыл Орто-Токой суу сактагычында суунун көлөмү аз экендигин айтты

Чүй өрөөнүндөгү каналдарды тазалоону эртелетиш керек. Бул тууралуу Акылбек Жамангулов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, каналдарды тазалоочу техникалардын жарымы иштебей турат.

"Чүй өрөөнүндөгү каналдарды тазалоо иштерин эртелетиш керек. Буга чейин өкмөт ар кандай гранттардын негизинде техникаларды алып берген. Тилекке каршы, алар Кытайда жасалып, бүгүнкү күндө ишке жараксыз болууда. Аймактардагы айыл чарба адистери менен байланышканымда техниканын иштебей гаражда тургандыгын кабарлашты", — деди депутат.

Жамангулов өкмөт бул маселени эртерээк чечиши керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Кадамжайда ашар жолу менен суу каналы курулуп жатат
Белгилер:
суу сактагычы, канал, Чүй облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ