Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кожокеев: илгери балдар чүкөнүн аталыштарын жатка билишкен

© Sputnik / Табылды КадырбековАйкүр федерациясынын вице-президенти Искендер Кожокеев
Айкүр федерациясынын вице-президенти Искендер Кожокеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айкүр федерациясынын вице-президенти Искендер Кожокеев буга чейин чүкө оюндары жер-жерлерде ойнолгону менен аны таратуу иштери колго алынбагандыгын айтты
Кожокеев: илгери балдар чүкөнүн аталыштарын жатка билишкен

Илгери балдар чүкөнүн аталыштарын жатка билишкен. Бул тууралуу Искендер Кожокеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы кезде жаштар чүкөлөрдү бири-биринен айырмалай албайт.

"Илгери балдар чүкөнү алып келип, алдына чачып, "бул кайсы чүкө?" деп сураганда баарын билишкен. Ал эми азыркы жаштар томпойду деле чүкө дей беришет. Бул жерде чүкө менен томпойдун айырмасы абдан чоң. Келечек муундун улуттук оюндарды билбей калуусу өкүнүчтүү", — деди вице-президент.

Кожокеев чүкө оюндары акырындан канатын жайып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0