Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алымбеков: таяк тартыш оюнуна аймактардан жаштарды кызыктырып жатабыз

© Sputnik / Жоомарт УраимовТаяк тартыш Масрестлинг федерациясынын президенти Искендер Алымбеков
Таяк тартыш Масрестлинг федерациясынын президенти Искендер Алымбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таяк тартыш Масрестлинг федерациясынын президенти Искендер Алымбеков Кыргызстанда бул федерация 2013-жылдан бери иш алып келе жаткандыгын айтты
Алымбеков: таяк тартыш оюнуна аймактардан жаштарды кызыктырып жатабыз

Таяк тартыш оюнуна аймактардан жаштар тартылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Искендер Алымбеков маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын чемпионатына катышуу үчүн аймактардан спортчулар изделүүдө.

"Быйыл региондорду өнүктүрүү жылы болгондуктан, алдыда өтчү Кыргызстан чемпионатына да аймактардан спортчуларды караштырып жатабыз. Айта кетсек, ар бир облустарда таяк тартыш боюнча федерациянын мүчөлөрү иш алып барууда. Мисалы, Ошто түштүк тараптагы спортчуларыбыз үчүн атайын турнир өткөрдүк", — деди Алымбеков.

Федерациянын президенти аталган оюн менен машыккан спортчулардын багындырчу ийгиликтери алдыда экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0