Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадыров: абактагы кургак учукту дарылоо шарты айрым ооруканалардан жогору

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Национального центра фтизиатрии Абдуллаат Кадыров
Директор Национального центра фтизиатрии Абдуллаат Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров абактагы кургак учук оорусуна чалдыккандарга эл аралык уюмдардан жакшы көңүл буруларын айтты
Кадыров: абактагы кургак учукту дарылоо шарты айрым ооруканалардан жогору

Түрмөдөгү кургак учукту дарылоо шарттары айрым ооруканалардан бир кыйла жогору. Бул тууралуу Абдуллаат Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өмүр бою эркинен ажыратылган жарандарга да атайын шарттар түзүлгөн.

"Эл аралык уюмдардын жардамы менен бүгүнкү күндө түрмөдөгү кургак учук менен ооруган жарандарга катардагы ооруканаларга караганда бир топ жакшы шарттар түзүлгөн. Алардын укуктары басмырланбасын деп маал-маалы менен ар кандай уюмдар көңүл буруп турат. Кыргызстандагы №27 жана №31 түрмө кургак учук менен ооругандар үчүн атайын адистештирилген. Абактардагы аталган дарт менен ооругандардын баары ушул эки колонияга бөлүштүрүлөт", — деди Кадыров.

Жетекчи бул ооруга чалдыккандардын өмүрү кыска болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0